БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

БААУнун командасы Казакстанда өткөн эл аралык укук боюнча Филипп С.Жессап атындагы сынактын улуттук баскычында биринчи орунду ээлеп, бул сынактын АКШда өтчү эл аралык баскычында Кыргызстандын намысын коргомой болду.

2024-жылдын 15-17-февраль күндөрү КИМЕП (Казакстан) университетинде эл аралык укук боюнча Филипп С.Жессап атындагы сынактын улуттук баскычы болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ЖОЖдорунан жалпы 11 команда катышты. Борбордук Азиядагы Америка университетинин эл аралык бизнес жана укук факультетинин студенттери эл аралык укук багытында өз лидерлигин тастыктап, сынактын улуттук баскычын жеңип алды. Эми алар Кыргызстандын намысын Вашингтондо (Колумбия аймагы, АКШ) өтчү эл аралык баскычта коргошот. 

БААУнун курамына киргендер: 

Айзирек Исламкулова (4-курс); 

Даниел Маниязов (4-курс);

Элайым Мусабекова (3-курс);

Эльдар Закиров (3-курс);

Салтанат Асанова (3-курс). 

Студенттер сынакка Бегайым Сейитбекованын жетекчилиги астында катышкан. Даниел Маниязов “Мыкты чечен” сыйлыгын утуп алды. 

Филипп С.Жессап атындагы сыйлык – бул 100 өлкөнүн, 700дөн ашуун командаларынын башын бириктирген эл аралык укук боюнча дүйнөдөгү ири студенттик сынак. Ага: Гарвард, Колумбия, Оксфорд сыяктуу бир катар абройлуу окуу жайлар катышып келет. 

Сынак сот процессинин үлгүсүндө оюн түрүндө өткөрүлүп, анда командалар ойдон чыгарылган арыз берүүчү мамлекеттин жана Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотундагы доочунун ордунда катышат. Сынак англис тилинде өтөт. Ал эми калыстардын милдетин эл аралык укук тармагындагы алдыңкы эксперттер, эл аралык соттор, окутуучулар, эл аралык уюмдардын жана юридикалык компаниялардын юристтери аркалайт.

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү