Энергетика
Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө курулуп жаткан “Исфайрам-1” кичи ГЭСинин иши менен таанышты.
Бакыт Төрөбаев өндүрүш обьектилерин курууда жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мамлекеттик органдар көмөктөшүүсү зарыл экенин жана кичи ГЭСтерди курууга президент Садыр Жапаров өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Кичи ГЭСти "Ак-Буура Групп" ЖЧКсы куруп жатат. Кубаттуулугу 4 мегаватт, сметалык баасы 2,81 млн доллар. ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 чакырым, туурасы 25 метр. Объект жалпы 9,25 гектар аянтты ээлейт. ГЭСтин ишке берилиши менен отузга жакын жумуш орун түзүлөт.
Учурда каналдын курулушу аяктап, 4 МВт кубаттуулуктагы генераторлор экспертизадан өткөрүлүп, орнотуу иштери жүрүп жатат. Аталган объектти быйыл март айына чейин ишке берүү пландалып жатат.
Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн дарыяларда 5 чакан ГЭС курулуп жатат. ГЭСтердин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ.