Энергетика
Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө курулуп жаткан “Исфайрам-1” кичи ГЭСинин иши менен таанышты.
Кыргызстан 2024-жылы 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

Кыргызстан 2024-жылы 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымына караганда, азыркы учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Энергетика министрлиги 600 миң "акылдуу" эсептегич сатып алат

Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң "акылдуу" эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди.
Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 17,4 млрд кВт/с түзөт

Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 17 млрд 400 млн кВт/саатка чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө курулуп жаткан “Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды. 4 агрегаттуу суу электр станциясы саатына 4 МВт электр энергиясын иштеп чыгарат.
Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен Ак-Буура суусунун нугуна кичи ГЭС курулмай болду. Учурда Кыргызстанда чакан жана орто ГЭСтерди куруу активдүү уланууда. Энергетика тармагында бул багытта иш алып барып, долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылык берилип жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн Жетигенов Ош шаарына караштуу Озгур айылындагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты.
Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Ведомство электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет.
Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Аксы районунун Тосту айылындагы Ак-Терек участкасында кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 13-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 781 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты.
Ак-Ордо конушуна жаңы СИП-3 аба чубалгылары тартылууда

Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинин электр куроочулары тарабынан Ак-Ордо конушундагы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн изоляцияланган СИП-3 аба чубалгылары тартылууда.
Кыргызстан менен Иран энергетика тармагында кызматташат

Бүгүн, 26-октябрда КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ирандын мунай жана газ министри Джавад Овжи жана транспорт жана шаар куруу министри Мехрдад Базрпаш менен жумушчу жолугушуусу өттү.
Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтөт

Бүгүн, 26-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Кореядан келген "Starkoff Co. Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Кыргызстан менен Корея энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кореянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Чүй облусунда жалпы 92 чакырым СИП-2 аба чубалгылары тартылды

Чүй облусунун райондорунда жаңы СИП-2 аба чубалгылары тартылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Италиядан келген адистер Бишкекте энергетиктер үчүн окутууларды өткөрүштү

Италиядан келген адистер "Бишкекти жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча окуу өткөрүштү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жапаров БАЭнин энергетика министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри – Тышкы иштер министрлигинин БАЭнин Кыргызстан менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
"Камбар-Ата-2" ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда

"Электр станциялары" ААК 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Энергетика министри армениялык компания менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Бүгүн, 21-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев менен армениялык "Ташир" компаниялар тобунун биринчи вице-президенти Карен Дарбиняндын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланышкан жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык стажировкага чакырат

Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык мөөнөткө стажировкага чакырат. Башкы максат - жаштарга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү жана аларды иш алып барууга үйрөтүү.
Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 17,4 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт

Кыргызстан 2023-2024-жылы күз-кыш жылытуу мезгилинде жалпы 17,4 млрд киловатт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министрдин айтымында, анын 14,2 млрд кВт/сааты Кыргызстанда өндүрүлсө, 3,2 млрд кВт/саатын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт.
Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 24,41 млн куб метрди түздү

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрына карата Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 24,41 млн куб метрди түздү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, суунун агып кириши секундасына 41,50 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү секундасына 29 куб метрди түзүүдө.
8 ай аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагына 24 млрд сом бөлүндү

2023-жылга энергетика тармагына жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 31,8 млрд сом каралып, 8 айдын жыйынтыгы менен 24 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Бишкекте "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өттү

Кечээ, 5-сентябрда Бишкекте "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө" макулдашуу долбоорун даярдоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык этабы аяктоо алдында турат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында билдирди.
Каржы министрлиги: Быйыл энергокомпанияларга 10,8 млрд сом каралган

2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражат мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында бөлүнүүдө.
Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды.
Кытай Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Сычуань провинциясынын Чэнду шаарындагы "Донфанг Электрик Групп" корпорациясынын вице-президенти Сунь Гоцзюнь менен жолугушту. Вице-президент Сунь Гоцзюнь Кыргыз Республикасы менен жашыл энергетика тармагында кызматташуунун келечегин белгилеп, энергетикалык долбоорлорго катышууга кызыгуусун билдирди.
Төрөбаев Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.