Энергетика

Кыргызстан менен Корея энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кореянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документке күн мурун Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин кол койду.

Меморандумдун максаты — климаттын өзгөрүүсүнүн чакырыктарына каршы туруу үчүн өз ара түшүнүшүүнү жана кайра жаралуучу энергияны биргелешип өнүктүрүүнү бекемдөөгө багытталган.

Кол коюу аземине чейин тараптар энергетика тармагы боюнча кызматташуу үчүн бир катар маселелерди талкуулашты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын энергетика болгон потенциялы, курулуп жаткан ири жана Чакан ГЭСтер, долбоорлор, реформалар, мыйзамдар жана шаарды каптаган түтүн маселеси боюнча маалымат берди. Ошондой эле энергетикага тармагындагы айрым маселени чечүү үчүн, эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу керектигин баса белгиледи.

Ал эми, Корея Республикасынын Айлана- чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана шаарды түтүндөн арылтуу жаатында Корея элинин тажрыйбасы чоң экенин баса белгилеп, бул жаатта кызматтагууша жана тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуу жакшы жыйынтык берет деп үмүттөнөөрүн баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, Кореянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине эл аралык аренада өлкөнүн президентинин тапшырмасы боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнүн булганышына жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө чоң ыйгарым укуктар жана финансылык ресурстар берилген.

Кол коюу аземине корей тараптын атынан Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин, Корея Республикасынын КРдеги Элчилигинин консулу Тэ Кын Гон, Мамлекеттик башкаруу жана ички иштер министрлигинин директорунун орун басары Сеок Жухи, Бюронун башкы директорунун орун басары ж.б. катышса, ал эми кыргыз тараптан Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Энергетика министрлигинин жооптуу кызматкерлери катышты.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү