Саясат
Түрк мамлекеттер уюму чек арасын кеңейтүүдө

27-июнда Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө 6 өлкөнүн жана байкоочу өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катышкан бизнес-инвестициялык форум өттү. Анын алкагында өлкөлөргө инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Түрк мамлекеттер уюму Ысык-Көлдө эл аралык бизнес форум өткөрөт

2024-жылдын 27-июнунда Түрк мамлекеттер уюму эл аралык бизнес форум уюштурат. Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Байтур Резорт” ордосунда өтөт. Анда инвестиция тартуу боюнча маанилүү маселелер талкууланат.
Жайкы туристтик сезондо жол коопсуздугу онлайн көзөмөлдөнөт

Жайкы туристтик сезондо коопсуздукту санариптик жабдыктар менен жабдылган автоунаалар камсыз кылат. Санариптештирүүнүн алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы GPS видеокөзөмөлү бар жаңы кызматтык унааларды ишке киргизди. GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо системасына туташтырылган.
Президент коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөгөн мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстандын ИДПсы 2050-жылга чейин $200 млрд жетиши керек — ПА

Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2050-жылга чейин 200 млрд АКШ долларына жетиши керек. Бул тууралуу брифингде КР президентинин администрациясынын жогорку кызматындагы кызматкери билдирди.
Европадагы кыргыз аялдарынын алгачкы форуму болду

2024-жылдын 9-мартында Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өттү. Анда Европадагы кыргызстандык айымдардын өлкөгө кошкон салымы, миграция маселеси талкууланууда. Ага Европанын бир катар аймагынан жана Кыргызстандан келген айымдар катышууда.
Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.
Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берди. Өлкө башчысы Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегатты, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерине байланыштуу убактылуу электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилгенин билдирди.
Жапаров менен Ма Синжуй "Бедел" пунктунун ачылышын приоритет катары жарыялашты

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында, Кашгар шаарында ККПнын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.
Пекинде ШКУнун 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Күн мурун Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы ШКУнун Катчылыгынын негизделгендигинин 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди. Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду.
Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.
Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарына сынак жарыялайт

Тышкы иштер министрлиги КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 токтому менен бекитилген дипломатиялык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, ТИМдин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт.
Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн үчүнчү жылы - жасалган жумуштар

28-январь күнү Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине туура үч жылдын жүзү болду. Буга карата президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул аралыкта аткарылган жана учурда жасалып жаткан айрым иштерди тизмектеген.
Бишкекте 30-январдан тарта жол кире акысы кымбаттайт

Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан эске салышты.
Садыр Жапаров расмий визит менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы расмий визит менен Казакстанга барат. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке визит менен келген казакстандык кесиптеши Мурат Нуртлеу менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымына караганда, ошондой эле быйыл эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот.
Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына келди

Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына келди. Бул тууралуу агенттикке президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын маалыматына караганда, өлкө башчысы жеринде контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотуу жана салык саясатындагы реформаларга нааразычылыктарын билдирип чыккан соодагерлер менен жолугушууда.
Жапаров Лондондо бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында, “МАЙНЕКС – Евразия 2023” эл аралык конференциясынын жүрүшүндө, каржы жана тоо-кен тармагында иш алып барган бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту.
Жапаров: Кыргызстан Японияны жакын жана дос-өнөктөш катары карайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн Токио шаарында Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Кыргызстандын биринчи айымы Токиодогу билим берүү мекемелерине барды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы билим берүү мекемелерине барды.
Президент JICAнын президенти Акихико Танака менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту.
Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Япониянын борбор шаарына болгон расмий сапарынын алкагында император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту.
"Мекендештер" форумуна 170 өлкөдөн 200 кыргызстандык катышты

Күн мурун Бишкекте өткөн "Мекендештер - 2023" форумуна дүйнөнүн 170 өлкөсүнөн 200 кыргызстандык катышты. Бул тууралуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Садыр Жапаров расмий сапар менен Жапонияга барат

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Бишкекте "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө" аталышында форум өтүүдө

Бишкекте этникалар аралык мамилелерге жана "Кыргыз жараны" концепциясын жүзөгө ашырууга арналган "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө" аталышындагы форум өтүүдө.
Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун алкагында БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Астанада ТМУнун кезектеги саммитинде 10 документке кол коюлду

Бүгүн Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Акылбек Жапаров улуттук өнүгүүнүн беш негизги максатына токтолду

Бишкекте "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форуму өтүүдө. Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы – Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жатат.