Саясат
Ашхабадда ТИМ башчылары деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея” форуму өттү

Күн мурун Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форуму өттү. Кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди, деп билдирет КРдин ТИМдин басма сөз кызматы.
Депутаттын убадасы: 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди
30-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “Ак-Бермет” бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бала бакчанын мурдагы имараты 60 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен эле. Жаңы имарат 75 орунга ылайыкталган.
Кыргызстанда 2 айда 1,3 млрд сомго 670 ипотека берилди - МИК

Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Кыргызстанда турак жайды каржылоо" (KFW) программасы боюнча 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топ жолукту

2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү.
Шакиев КР желегинин авторлору менен символду өзгөртүүнү талкуулады

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, КР мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.
Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз-корей мамилелери чыңдалат. Меморандумга кол коюлду

КР президентинин администрациясы менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президенттин администрациясынын жаңы имараты "Ынтымак-Манас Ордо" аталат

Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратын "Ынтымак-Манас Ордо" деп атоону чечкенин Facebook баракчасына жарыялады. Өлкө башчысы хансарайга чогуу аталыш тандоону сунуштаган эле.
Президент Садыр Жапаров ӨКМге МИ-8 тик учагын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйыны өттү.
КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болду.
КМШнын саммитин 8 өлкөдөн 400гө жакын журналист чагылдырат

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулган, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
КР жана РФ президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Элчи Текебаев Финляндиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Резиденциясы Берлинде жайгашкан Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Финляндиянын президенти Саули Ниинистёго ишеним грамотасын тапшырды.
Кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдорунда окууга 1 миң квота бөлүнөт

2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанга өлкөнүн жаш жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 1 миң максаттуу квота бөлүнөт. Бул тууралуу кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров: Кыргызстан криминалдарсыз инвесторлор үчүн бейишке айланат

Кыргызстан чет элдик инвесторлор, жөнөкөй жарандар жана ишкерлер үчүн бейиштин төрүндөй болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Facebook`тагы баракчасына жазды.
Кыргызстан менен Беларусь парламенттер аралык кызматташтыкка кол коюшту

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Беларустун Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышып, геология кызматкерлерин, ардагерлерди жана салтанаттуу аземдин конокторун куттуктады.
РФ президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Нью-Йоркто Кыргызстан жана Грециянын ТИМ башчылары жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Грециянын тышкы иштер министри Георгис Герапетритис эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Садыр Жапаров Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазды.
Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.
Садыр Жапаров менен Канаданын премьери эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Эрбол Султанбаев билдирди.
Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Садыр Жапаров: Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.