Саясат

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашуу.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө
3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө.
4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө.
5. Орус тили боюнча Эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишим.
6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуу жөнүндө билдирүүсү жөнүндө.
7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча билдирүүсү жөнүндө.
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын адамдын жана жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо боюнча билдирүүсү жөнүндө.
9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү жөнүндө.
10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Байкоочу статусу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өнөктөш статусу жөнүндө.
11. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) жана терроризмди каржылоого тобокелдиктерди баалоо боюнча Эл аралык борборду түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө.
12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө.
13. 2024–2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын Мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.
14. «Тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы жөнүндө.
15. Самарканд шаарын (Өзбекстан Республикасы) 2024-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө.
16. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
16.1. 2000-жылдын 21-июнундагы Протокол менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитети тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол тууралуу.
16.2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
16.3. КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин 2003-жылдын 19-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу Шериктештик органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрдү которуу боюнча милдеттенмелердин КМШга мүчө-мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү