Ден соолук

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

Бишкектеги №88 мектеп 4 тонна таштандыны иргеп, 40 миң сом алды. Сынак “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан жалпы 8 мектепте уюштурулуп, №88 жана №59 мектеп алдыга чыкты. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында өттү. 

“Жер Эне” долбоорунун максаты - таштанды полигондоруна төгүлгөн катуу калдыктардын көлөмүн минималдаштыруу.

№88 мектептин 10-классынын окуучусу Нуриза Салабаева:

“Бул долбоорго биздин мектеп абдан активдүү катыштык. Мектеп мүдүрү бизге күн сайын дем берип, сабактан кийин үйгө кетпей таштандыларды иргөө менен алек болдук. Башталгыч класстардын ата-энелери да жигердүү катышканы абдан кубантты. “Эко Деми” коомдук фондуна ыраазычылык билдиребиз”. 

Долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн тренингдер иштелип, ал: 1-4-класстар, 5-6-класстар, 7-8-класстар, 9-11-класстарга эки тилде (кыргызча жана орусча) окутулду. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Бишкектеги 8 пилоттук мектепте (№18, №65, №71, №43, №88, №83, №55, №59 мектептер) 1-11-класстын окуучулары арасында таштандыны иргөө боюнча окуулар өттү. Окууга катышкандардын саны 14 миңден ашты. 

№88 мектептин 4-классынын окуучу Аэлина Жолочиева:

“Таштандынын табиятка жана адамдын ден соолугуна зыяны көп экен. Биз күнүгө колдонуп жаткан буюмдардын айрымдары миң жылдап жер алдында жатат экенин билдим. Мындан ары таштандыны иргеп, мектебимди булгабайм”. 

Аталган мектептерде таштандыны өзүнчө иргеп топтоо үчүн жашыктар: пластмасса, айнек жана алюминий калдыктары үчүн металл контейнерлер; пайдаланылган аккумуляторлорду чогултууга кутулар жана макулатурага эко-бокстар коюлду. Ошондой эле пайдалуу маалыматтар жатык түшүндүрүлгөн плакаттар илинди. 

Мектептерде чогулган катуу таштанды 15-майда таразага тартылды. Жыйынтыгында 1,5-2 миңдей окуучусу бар мектептер көп топтогону аныкталды. Чогулган таштанды кайра иштетилет.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү