Саясат

Элчи Текебаев Финляндиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Резиденциясы Берлинде жайгашкан Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Финляндиянын президенти Саули Ниинистёго ишеним грамотасын тапшырды.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, ишеним грамоталарын салтанаттуу тапшыруу аземинен кийин элчи Өмүрбек Текебаев Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушуп, анда эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар соода-экономика, билим берүү, туризм жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташууну чыңдоонун келечеги тууралуу пикир алышты.

Жолугушууда ошондой эле элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Финляндиянын тарыхый байланышын белгилеп, тарыхта жалпы маданий мурастын маанилүү бөлүгү бойдон калчу легендарлуу финколбашчысы, Финляндиянын болочок президенти Густав Маннергейм (1944-1946-жылдары) менен 1906-жылы «Алай ханышасы» Курманжан Датканын жолугушуусу тууралуу айтып берди. Өмүрбек Текебаев эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый байланыштарга токтолуп, бул мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Саули Ниинистё Кыргызстандын дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүү боюнча демилгелерине ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүрбек Текебаев менен президент Саули Ниинистё өз ара максаттарга жана кызыкчылыктарга жетишүү үчүн эки тараптуу саясий жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү