Саясат
Президенттин администрациясынын жаңы имараты "Ынтымак-Манас Ордо" аталат
Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратын "Ынтымак-Манас Ордо" деп атоону чечкенин Facebook баракчасына жарыялады. Өлкө башчысы хансарайга чогуу аталыш тандоону сунуштаган эле.
Бир апта ичинде президенттик администрациясынын жаңы имаратын атоо боюнча жүздөн ашык сунуш түшкөн.
"Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сунушталган варианттардын ичинен төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр: Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо. Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай", - дейт Жапаров.
Президент ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот деп белгиледи.
"Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос. Ынтымак-Манас Ордобузда "Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!". Эл тарабынан көп варианттар сунушталыптыр, алардын бир тобу окшош экен, - деди өлкө башчы.