Саясат
Садыр Жапаров Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазды.
Анын маалыматында, мамлекет башчысы менен Нью-Йорктун мэри өз ара байланыштарды, анын ичинде эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашкан.
"Ошондой эле алар тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты", - деп кошумчалады Эрбол Султанбаев.