Саясат

Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Ал Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү – өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт.

Мамлекет башчысы Корея менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди.

Экономикадагы "жашыл долбоорлордун" ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандан Кореяга Мамлекет башчысынын деңгээлиндеги акыркы сапары мындан он жыл мурун болгонун айтты. Ал эми Корея тараптан Кыргызстанга мамлекет башчынын деңгээлинде сапары боло элек.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кореянын президенти Юн Сок Ёль Президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, аны менен жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы акыркы убакта активдешкен эки тараптуу мамилелерди жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездете турган түз аба каттамынын ачылышын өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

Юн Сок Ёль Кыргызстанда жаңы шаарлардын курулушу, ири инвестициялык долбоорлор тууралуу кабардар экенин айтып, корей тараптын аларды ишке ашырууга катышууга даярдыгын баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Юн Сок Ёль Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Корея президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөөгө даяр экендигин айтты

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү