Саясат

Кыргызстан менен Беларусь парламенттер аралык кызматташтыкка кол коюшту

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Беларустун Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

КР парламентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү документке КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушуусунда кол коюлду.

Алгач парламент жетекчилери тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот. Андыктан, мындан ары да калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча парламенттер аралык байланышты өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да өрчүтүшүбүз шарт”,– деди.

Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ортодогу мүмкүнчүлүккө толук жооп бербестигин белгилеген Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь мамлекетине айыл чарба продуктуларын экспорттоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Андан тышкары, маданият жана билим берүү жаатында да жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Беларусь парламентинин төрайымы Наталья Кочанова кезинде эки өлкө бир мамлекеттин курамында жашаганын белгилеп: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең. Улуу Ата Мекендик согуш маалында миңдеген кыргызстандык жоокерлер Беларусь жергесин душмандардан коргоп, баатырларча курман болушкан. Алардын эрдигин эч качан унутпайбыз”, – деди.

Ошондой эле өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, мамлекеттер ортосунда жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу зарылчылыгын айткан Наталья Кочанова: “Эки өлкө кабыл алган бардык келишимдер мамилелерибизди бекемдеп, мамлекеттерибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, – деп билдирди. Муну менен катар жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, саламаттыкты сактоо жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар тууралуу сөз кылып, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмдөрүсүз киргизүүгө байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдик тарабынан бекитилген квотанын санын көбөйтүү демилгесин колдой тургандыктарын билдирди.

Мындан сырткары, баарлашуу маалында айыл чарба жана тоо кен өнөр жайына керектүү техникаларды Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Беларустун ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев Наталья Кочанова жана Владимир Андрейченконун коштоосунда Беларусь парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү