Саясат

Депутаттын убадасы: 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

30-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “Ак-Бермет” бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бала бакчанын мурдагы имараты 60 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен эле. Жаңы имарат 75 орунга ылайыкталган.

Таш-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Арсланбек Кененбаев шайлоо алдында бала бакча курууну убада кылган:

"Бул бала бакчанын курулушу социалдык мобилизациянын үлгүсү болду. Себеби ага айыл эли каражат чогултуп, демөөрчүлөр жана депутаттарды тартып, айылдык кеңеш да салым кошту. Айыл тургундарынын жардамы менен дубал тургузулуп, чатыры курулган. Мен депутаттыкка талапкерлигимди койгондо курулушту бүтүрөм деп убада берип, биздин үй-бүлө бул долбоорго инвестиция салган. Айыл өкмөтү да каражат бөлүп бермей болгон. Мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнүп, ага жабдуулар, эмеректер жана окуу куралдары алынды. Жаңы имарат заманбап технологияларды колдонуу менен курулду. Энергияны үнөмдөөчү жаңы жабдыктары бар. Мугалимдер Бишкектеги алдыңкы бала бакчаларга окууга жөнөтүлүп, атайын даярдыктан өтүштү. Эми балдарды жаңыча окутат деп ишенем”, - деп баса белгиледи Арсланбек Кененбаев.

Ачылыш аземге президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Алимбековна Кыштобаева, Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Мурадин Жолдошович Тешебаев катышты.

КРдин президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева:

“Билим башаты бала бакчадан башталат. Балдардын дүйнө таанымын кеңейтип, мектепке даярдап, келечегин түптөгөн тарбиячыларга ыраазычылык билдирем. Биз учурда тарбиячылардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп жатабыз, анткени алар келечек муунду тарбиялап жатышат. Белгилей кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда 63 социалдык объекттин ачылышы пландалып жатат. Бүгүнкү күнү 18 объект ишке берилди”, - деди Кыштобаева.

Айылдын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Гүлмира Алимбековна Арсланбек Кененбаевге, Гүлзат Айдакеевага жана Азамат Табалдиевге ардак грамоталарды тапшырды.

Кызыл лента кесилгенден кийин салтанаттын коноктору жана айыл тургундары жаңы ачылган бала бакча менен таанышты. Жаңы имарат кенен, бөлмөлөрү жарык, бардык шарттары менен бөлмөлөр балдар үчүн ыңгайлуу жабдылган.

Салтанат бала бакчанын тарбиялануучуларынын концерти менен аяктады.

Белгилей кетсек, бала бакчада оюн аянтчаларын жана медпункттун курулушу пландалып жатат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү