Саясат

Европадагы кыргыз аялдарынын алгачкы форуму болду

2024-жылдын 9-мартында Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өттү. Анда Европадагы кыргызстандык айымдардын өлкөгө кошкон салымы, миграция маселеси талкууланууда. Ага Европанын бир катар аймагынан жана Кыргызстандан келген айымдар катышууда.

Форумда Кыргызстандын Германиядагы элчиси сөз сүйлөп, Европа өлкөлөрүндө окуп, иштеп, тажрыйба ашырып жаткан кыргызстандык кыз-келиндердин интеграциясындагы ийгиликтерди белгиледи:

“Силердин бул жерге келип иштеп, окуп, тажрыйба топтоп жүргөнүңөр биздин тарыхыбыздын бир чоң этабы. Европага келип, ат салышып, жергиликтүүлөр менен тизгин талашып, бизнес ачып иштеп жүргөн кыздарыбызды көрүп жатабыз. Сиздерге колдон келген жардамды бергенге даярбыз”, - деди элчи.

Форумга "Биздин айымдар" коомдук кыймылынын президенти, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, Норвегия падышачылыгынын ардактуу консулу, КР Соода-өнөр жай палатасынын аялдар комитетинин жетекчиси, "Эко Деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева да катышып, миграциянын оң жана терс жактары жөнүндө сүйлөдү. 

Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын бир шаарына "Кыргыз кызы" деп аталган айкел орнотуларын билдирди. Айкелди белгилүү кыргызстандык скульптор Тамила Маматова жасап жатат. 

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү