Энергетика

Кыргызстан менен Иран энергетика тармагында кызматташат

Бүгүн, 26-октябрда КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ирандын мунай жана газ министри Джавад Овжи жана транспорт жана шаар куруу министри Мехрдад Базрпаш менен жумушчу жолугушуусу өттү.

КР Эконоика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу максатында өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт, мунай жана газ маселелерин тейлеген ведомстволордун жетекчилери энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Эки тарап кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде чийки зат менен камсыздоо, соода-логистикалык борборлорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, транспорт коридорун өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар делегациялардын өз ара иш сапарларынын алкагындагы маселелердин үстүндө иштөөнү улантууга макулдашты.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү