Энергетика

Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланышкан жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүү сунушу киргизилди.

Маалым болгондой, учурда Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин тушуна (айланма каналга) чейин келүүчү автожолду, транспорттук туннелди куруу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк чордондорун орнотуу, ошондой эле көпүрө жана куруучулар үчүн убактылуу шаарчаны куруу иштери жүрүп жатат.

Өз сөзүндө Төрөбаев жыйындын катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды.

Бул багытта, Финансы министрлигинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Корея банкы жана бир катар эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда жалпы каржы институттарына долбоорлорду презентациялоо сунушу дагы айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон. Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү