Энергетика

Кытай Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Сычуань провинциясынын Чэнду шаарындагы "Донфанг Электрик Групп" корпорациясынын вице-президенти Сунь Гоцзюнь менен жолугушту. Вице-президент Сунь Гоцзюнь Кыргыз Республикасы менен жашыл энергетика тармагында кызматташуунун келечегин белгилеп, энергетикалык долбоорлорго катышууга кызыгуусун билдирди.

Ал компаниянын Үч-Коргон ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга ийгиликтүү катышкандыгы тууралуу айтып берди, ошондой эле "Камбар-Ата 1"долбоорун ишке ашырууга катышуу ниетин билдирди.

Сунь Гоцзюнь корпорация жашыл энергетика тармагында технологияларды жана сапаттуу продукция менен камсыз кылууга, электр энергиясын үнөмдөө боюнча жаңы технологияларды берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде мамлекеттик катчы Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, жашыл экономика принциптерин эске алуу менен өлкөдө энергия үнөмдөөчү жаңы технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстанда чет элдик инвесторлор, анын ичинде кытайлык компаниялар үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар тууралуу айтып берди.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү