Энергетика

Жапаров чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.

«Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз», - деди Акылбек Жапаров.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, атап айтканда, Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы «КОНАС» илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирди.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү