Энергетика

Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык стажировкага чакырат

Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык мөөнөткө стажировкага чакырат. Башкы максат - жаштарга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү жана аларды иш алып барууга үйрөтүү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жаш кадрлар министрликтин борбордук аппаратынын кызматы менен жакындан тааныша алышат.

Министрликтин төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүндө стажировка өтсө болот:

  • Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы;
  • Тышкы байланыштар жана долбоорлорду илгерилетүү башкармалыгы;
  • Отун ресурстары, газ жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмү;
  • Энергоэффективдүүлүк, энергияны сактоо жана кайра жаңылануучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү;
  • Адам ресурстарын башкаруу жана иш-кагаздарын жүргүзүү бөлүмү;
  • Талдоо жана пландаштыруу сектору;
  • Финансы жана техникалык камсыздоо сектору.

Стажировка өтүү үчүн 21 жаштан жаш эмес, энергетика, техника, юридика, экономика, финансы, филология, маалымат технологиясы багыттары боюнча жогорку билими бар Кыргызстандын жарандары кабыл алынат.

Байланыш номери: 0552-999-921

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү