Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди. Иш-чара "Асман" шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.

Андан соң аталган долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер тартыларын белгилешти.

Чет элдик инвесторлор — Түркия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Катардан келген ири компаниялардын өкүлдөрү.

Бул компаниялар келечек шаарларын жана эко-шаарларды, IT-өнөр жайын, ири аэропортторду, мейманканалар, гольф-клубдар, тематикалык парктар, музейлер жана киноиндустриясын куруу, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча адистешкен. "Асман" шаары акылдуу, коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучу борборлор жайгашкан төрт зонага бөлүнөт.

500-700 миң тургунга эсептелген шаар 7-10 жылдын ичинде Арабиядагы Неом, Эмираттардагы Маздар-Сити, Швециядагы Вестерн Харбор, Кытайдагы Күнөстүү өрөөн сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорго окшош болуп курулат.

Инвесторлордун презентациясынан кийин президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн айтты.

Мамлекет башчысы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор биринчи кезекте туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Президент Ысык-Көлдө жайгашкан Кумтөрдү мисал келтирди, анын бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүп, ар бир кыргызстандык үчүн пайда алып келерин айтты. Ошол сыяктуу эле, бул шаар өлкөнүн бардык тургундарына пайда алып келерин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик берип, башка инвесторлорду да бул долбоорго катышууга чакырды. Инвесторлордун ишине кийлигишпөө кепилдиги жана толук мамлекеттик кепилдик берилет, долбоорду ишке ашырууда эч кимге тоскоолдук кылууга жол берилбейт.

Президент кокус инвесторлорго карата чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланарын өзгөчө белгилеп өттү.

Мындан башка мамлекет башчысы башка региондорго үлгү боло турган, келечекте таза табиятын сактоого салым кошуучу бул дымактуу долбоорго катышуу чечимин кабыл алган бардык өнөктөштөрдү жана инвесторлорду белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин президент Садыр Жапаров заманбап "Асман" экошаары курулуп баштала турган жерге мезгил кутусун салды.

Иш-чара майрамдык концерт менен уланды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү