Кыргызстанда ишкерлерге 4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча “Өнөр жайлык өз ара аракеттенүү-2023” бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумга тигүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашуун өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты - бизнес климатты жакшыртуу жана инвестицияны стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлер менен натыйжалуу иштешүү. Ишкерлер ата мекендик продукцияны экспорттоо жана каржылоо боюнча суроолорго жооп алышты. 

Финансы министринин орун басары Татиков "Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо" долбоорунун алкагында кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

"Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылууда жана 2027-жылга чейин уланат. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 7 миңден ашык ишкер жалпысынан 4 миллиард 389 миллион сомдук каржылык жардам алышты", - деди ал.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү