Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 9,5 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 8,2 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 3 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6,2 пайызга жогорулады.

Шокенов үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалгандыгын кошумчалады.

Мында баалардын максималдуу жогорулашы (11,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (17,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (15,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (7,9 пайызга), ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (13,6 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп кымбатташы менен шартталды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү