Ушул жекшембиде Бишкекте E-Commerce EXPO - 2023 көргөзмөсү өтөт

2023-жылдын 22-октябрында Бишкекте “E-Commerce EXPO 2023” эл аралык электрондук коммерция форуму болот. Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Электрондук коммерция ассоциациясы дүйнөлүк деңгээлдеги Visa компаниясынын башкы өнөктөштүгү астында ПРООНдун Финляндия өкмөтү каржылаган “Борбордук Азияда сооданы өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен уюштуруп жатат.

 

Максаты - Кыргызстандын электрондук коммерция рыногун активдүү өнүктүрүү, стратегиялык маанилүү тармакта билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү. “E-Commerce EXPO 2023” электрондук соода тармагындагы ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн чогултат.

“E-Commerce EXPO 2023” көргөзмөсүндө Visa, Ozon, Alibaba сыяктуу ири компаниялардын спикерлери, ошондой эле төмөнкү темалар боюнча тажрыйбасы жана билими менен бөлүшө турган эксперттер катышат:

- Маркетплейстер

- Финансылык төлөм системалары

- Транспорттук логистика

- Инфраструктура

- Эл аралык платформаларда соода тажрыйбасы.

“E-Commerce EXPO 2023” ири бизнеске онлайн жана оффлайн стратегияларын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле чакан жана орто бизнеске аудиториясын жана рыногун кеңейтүүгө жардам берет.

Иш-чаранын катышуучулары жаңы билимге ээ болуп, инструменттер жана ыкмаларды өздөштүрө алышат. Ошондой эле көрүнүктүү баяндамачылардын жана эксперттердин тажрыйбасынан пайдалана алышат, бул аларга өз бизнесинде инновациялык чечимдерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Дата: 22-октябр, 2023
Башталышы: 09:00
Өтүүчү жайы: Бишкек шаары, Novotel мейманканасы

Билетти төмөнкү сайттан ала аласыз: Ticket: https://ticket.kg/event/ecom-expo

Баасы: 1000 сом

Суроолор боюнча байланышуу үчүн: +996 998 10 00 18, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү