Ошко Өзбекстандын туркомпанияларынын өкүлдөрү келди

Ош шаарына Өзбекстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү келди. Алар шаардагы маданий жайлар менен таанышат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн мэриянын имаратында Өзбекстандын туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда Ош шаары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү шаарлар ортосунда туризм тармагында мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, аталган багытта ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу, туристтерди тартуу, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун алкагында коноктор тарабынан Өзбекстан өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, маданий, тарыхый, соода, кол өнөрчүлүк жана спорт жаатында инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, маалыматтык турдун алкагында келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү Оштон кийин Жалал-Абадка сапар алышат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү