Көк бөрү Россиянын бирдиктүү спорт реестрине катталат – Касенов
Улуттук олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршеналы Касенов Россиянын Спорт министри Олег Матыцин менен кыргыз элинин улуттук оюну – көк бөрүнү Россия Федерациясынын бирдиктүү спорт реестрине каттоо боюнча сүйлөштү. Бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп баштады.
Сүйлөшүү Москвада өткөн Олимпиада кечесинде болду. Иш-чараны Россиянын спортчуларынын союзу быйыл экинчи ирет өткөрүп жатат. Ага олимпиада оюндарынын катышуучулары, спорттун ардагерлери жана спорт ишмерлери катышты.
Анда Шаршеналы Касенов атайын сыйлык менен сыйланды.
Эскерте кетсек, Мехико жана Греноблда өткөн олимпиада оюндарынын 55 жылдыгы, Калгари жана Сеулда өткөн олимпиаданын 35 жылдыгы, Пхенчанда өткөн олимпиаданын 5 жана Пекинде өткөн олимпиаданын бир жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага Улуттук олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршеналы Касенов жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев чакырылган.
Салтанаттын максаты – СССРдин жана Россиянын мыкты спортчуларын жана алардын акыркы 55 жылдын ичинде жетишкен ийгиликтерин даңктоо эсептелет.