ORO EXPO: Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Бишкекте “ОRO JEWELRY EXPO” зер жасалгалардын экинчи эл аралык көргөзмөсү ачылды. Ага Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, Kabarovsky жана башка дүйнөлүк бренддердин зер жасалгалары өз баасында коюлду.

 

Көргөзмө КР Соода-өнөр жай палатасы жана КР Америкалык соода палатасынын расмий колдоосу менен өтүп жатат. Ага 8 өлкөнүн: Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Россия, Австралия, Түркия жана Тибеттин зергердик компаниялары катышууда.

Баалуу металлдардан жасалган 3 миңден ашык асыл жана жарым асыл таштар, табигый таштар менен жасалган зер буюмдар, нике шакектери, зергерлик сааттар, ашкана буюмдары жана баалуу металлдардан жасалган идиштер, жогорку көркөмдүктөгү интерьер буюмдары, костюмдук зер буюмдар көрсөтүлүп жатат.

“Көргөзмөнүн максаты – жаңы жылды утурлай айымдарга жагымдуу жагдайда жогорку маанай тартуулоо. Анткени, бүгүнкү күндө аялдардын түйшүгү абдан оор экени баарыбызга маалым. Ар бир айым жаш курагына, статусуна, социалдык абалына карабай асыл таш, баалуу металлдардын күйөрманы болот эмеспи. Бул көргөзмөдө айымдар дүйнөлүк зер бренддери менен эч кандай ортомчусуз түз байланышып, табитине жана капчыгына ылайык буюмдарды ала алат. Кала берсе, мырзалардын да жаңы жылдык белек тандоодогу мүшкүлү жеңилдейт. Аларга өндүрүүчүлөр өздөрү жеке кеңешин беришет. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, көргөзмөдө бардык зер буюмдар өз баасында сатылат. Ошондуктан, “ORO JEWELRY EXPO 2023” - бул уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - дейт “ORO Multibrand Jewelry” Кыргызстандагы биринчи премиум мультибренддик дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү Айгүл Дюшебаева.

Көргөзмө 13-декабрга чейин болот. Убактысы: ар күнү саат 10:00 – 22:00 чейин. Кирүү акысыз.

Дареги: Бишкек шаары, “Орион” мейманканасы, Эркиндик бульвары, 21  

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү