КР Соода-өнөр жай палатасы жаңы жылдык жарманкеге чакырат
КР Соода-өнөр жай палатасы бардык каалоочуларды 27-декабрь күнү саат 10:00 - 22:00 чейин өтүүчү жаңы жылдык жарманкеге чакырат. Жарманке “Дордой Плаза” соода борборунда өтөт. Иш-чара Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.
Анда Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн жетекчиси Нурзат айым мастер-класс өткөрөт. Көргөзмөдө Wildberries боюнча маалымат бурчу уюштурулуп, аталган маркетплейсте иштөөнү каалагандарга баалуу кеңештер берилет.
Ошондой эле, жарманкеге Кыргызстан айымдарынын колунан жасалган уникалдуу, сапаттуу ата мекендик продукциялар коюлат.
Сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында Бишкектеги кризистик борборлордун бирине жөнөтүлөт. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды колдоого жумшалат.