Анкара шаарында кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын Түркияга иш сапарынын алкагында өттү.

Форумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык артыкчылыктарды жана ишкерлерди мамлекеттик колдоону баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү эки тараптуу сегиз маанилүү документке, анын ичинде кызматташуу келишимдери жана бизнес келишимдерине кол коюлду. Өзгөчө көңүл Кыргызстандан Түркияга жаңгак жеткирүү боюнча келишимге бурулуп, кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордун ачылышын камсыздайт.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да тереңдеп, түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууда.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү