Кыргызстан Кореядан $27 млн насыя алат. Каражат эмнеге жумшалат?

Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылы 14-июлда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондунун, ошондой эле "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалын жакшыртуу" долбооруна 2023-жылдын 21-августунда КР министрлер кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан мамлекеттик агенттик) ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында бериле турган насыя.

Аталган долбоордун максаты - иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү, аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди аны колдонууга үйрөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү.

Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык, корей тарап корей вонунда 27 млн АКШ долларынын эквивалентинен ашпаган суммада, 40 жылдык кайтаруу мөөнөтү, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен кредит берет, жылдык пайыздык чен 0,1% жана тейлөө акысы – ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1%.

Белгиленгендей, бул долбоорду ишке ашыруу инфраструктураны жакшыртуу жагынан да, медициналык персоналдын потенциалын жогорулатуу жагынан да Кыргыз Республикасынын улуттук саламаттык сактоо системасын бекемдейт.

"Азыркы учурда жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор мыйзам долбооруна КР президенти тарабынан кол коюлушу менен Юстиция министрлигинен юридикалык корутунду алуу жана Финансы министрлиги тарабынан кореялык тарапка билдирүү алуу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү