Memorial Ankara Hastanesi дарыгер Осипова менен кызматташат

2024-жылдын 9-11-февраль күндөрү Түркиянын борбору Анкара шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Форум бизнес байланыштарды түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатын көздөдү. Иш-чаранын алкагында инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Бул келишимдердин бирине Memorial Ankara Hastanesi менен доктор Осипованын кол коюшту. Келишимде тажрыйба алмашуу, консультациялар жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк каралган.

Memorial Ankara Hastanesi ооруканасы Түркиянын борборундагы эң ири жеке менчик ооруканалардын бири. Ал кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, медициналык онкология жана ортопедия боюнча адистешкен. Memorial Ankara Hastanesi Түркияда Joint Commission International (JCI) сертификатын алган биринчи медициналык уюм.

Екатерина Осипова 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар жүрөк-кан тамыр хирургу. Лазердик технологиялар, лимфология, гемеопатия боюнча квалификациясы бар. Ал ошондой эле интегралдык профилактикалык жана карылыкка каршы медицинанын PREVENTAGE эл аралык институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Анын бардык дипломдоруна АКШда апостиль коюлган. Ал өзү белгилегендей, негизги максаты ар кандай оорулардын алдын алуу жана жашоо сапатын жакшыртуу.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү