"Эко Деми" ЕРӨБ менен бирге экологиялык акция өткөрөт
"Эко Деми" коомдук фонду "Жер Эне" долбоорунун алкагында Таштар-Ата жана Прохладное айылында экологиялык акция өткөрөт. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт. Акцияга катталуу үчүн сөзсүз каттоодон өтүү керек.
Күнү: 2024-жылдын 23-марты.
Убактысы: 09:00
Акция өтүүчү жери: Таштар-Ата, Прохладное айылы
Ыктыярчылар Жеңиш аянтынын түндүк тарабындагы (Фрунзе көч. Ибраимова жана Шопокова көч. ортосунда) унаа токтотуучу жайына чогулат.
Толук аты-жөнүңүздү жана уюлдук телефонуңуздун номерин +996 705 055 505 WhatsApp номерине жөнөтүңүз.
"Жер Эне" долбоорунун өнөктөштөрү:
"Бакай Банк" ААК
БААУ
БААУ Инновациялык колледжи
"Кыргызэнергостроймонтаж"
"Шоро" компаниясы
«Экооператор» ЖЧКсы
Талисман айылы
"Дизайн Бюро Плюс"