e-com EXPO: Электрондук коммерциянын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалан
КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КР Электрондук коммерция ассоциациясы E-Commerce EXPO 2024 эл аралык электрондук коммерция форумун жарыялайт. Борбор Азиялык E-Commerce EXPO 2024 форуму 2024-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында өтөт. Аталган иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү келет.
E-commerce EXPO 2024 – бул сиздин продукция жана кызматтарды сунуштоо, өнөктөштөрдү табуу, жаңы идеяларды жана стратегияларды издөө, нетворкинг, рынокту жана сатуу аудиториясын кеңейтүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк жана платформа.
Форум ири, орто же чакан бизнестин өкүлдөрүнө, ошондой эле электрондук коммерцияга алгачкы кадамдарын таштагандарга кызыктуу болот. E-Commerce EXPO 2024 көргөзмөсүндө бул тармактын алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү жана тажрыйбалуу эксперттер сөз сүйлөшөт.
Форумдун программасы төмөнкү негизги темалардан турат:
- Базарлар
- Финансылык төлөм системалары
- Транспорттук логистика
- Инфраструктура
- Эл аралык платформаларда соода
- Инклюзивдүүлүк
- Аялдардын ишкердиги
- Социалдык ишкердүүлүк
Билеттер Ticketon сайтында жеткиликтүү
Баасы: 1000 сом.
Датасы: 27-октябрь, 2024-жыл
Башталышы: 09:00
Өтүүчү жери: Бишкек ш., “Шератон” мейманканасы.
Электрондук дарек: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Электрондук коммерциянын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалан!