Чыныбаева Астанадагы ишкер аялдар форумуна кыргыз делегациясын баштап барды

Талкуу Түрк өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталары биримдигинин (TCCI) алдындагы Ишкер аялдар кеңешинин 3-Башкы ассамблеясынын жана ишкер аялдардын бизнес форумунун алкагында өттү. Иш-чара Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана Түрк инвестициялык фондунун түз колдоосу менен уюштурулду.

Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстандан келген 200дөн ашуун ийгиликтүү ишкер айым, өкмөт өкүлдөрү, инвесторлор жана эксперттер түрк дүйнөсүндөгү аялдардын экономикалык ролун бекемдөө боюнча стратегиялык кадамдарды талкуулоо үчүн чогулушту.

Кыргызстан делегациясын Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, Норвегиянын ардактуу консулу, КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы аялдар ишкердигинин жетекчиси, "Эко Деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева баштап барды. Ал өз сөзүндө аялдардын экономикадагы ордун баса белгилеп, буга чейин бул жаатта аткарылган иштер жөнүндө айтып өттү. 

Иш-чарада тоо-кен, кайра иштетүү жана энергетика сыяктуу стратегиялык тармактарда аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды. Катышуучулар өнөр жай коопсуздугу жана экономикага аялдардын жетекчилигин өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты. Туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик маселелерине олуттуу көңүл бурулду. Форумда түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдөн келген ишкер аялдардын конкреттүү ийгиликтери баяндалат.

Ишкер аялдар кеңеши 2025-жылы стартаптар үчүн бир катар акселерация программаларын ишке киргизүүнү, катышуучу өлкөлөрдө тематикалык форумдарды уюштурууну жана аймактагы алдыңкы бизнес мектептер жана университеттер менен өнөктөштүктө жаңы билим берүү курстарын иштеп чыгууну пландаштырууда. Бул демилгелер ишкер аялдарга кошумча колдоо көрсөтөт, анын ичинде гранттар жана адистештирилген окуу программалары.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү