Аялдарды колдоо: Бишкекте Women in Tech форумунун ачылышы болду
2025-жылдын 2-февралында Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргызстандагы Women in Tech форумунун расмий ачылышы болду. “Кыргызстанда аялдардын лидерлигин жана технологиялык өнүгүүсүн илгерилетүү” деген темадагы флагмандык иш-чара бул тармактагы алдыңкы лидерлерди, инноваторлорду жана өзгөртүүчүлөрдү бириктирди. Бул форум гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана технология тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министри Бакыт Төлөмүшевич Сыдыков сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктады. Ал өз сөзүндө “25-30” өнүктүрүү планында аялдардын ишкердигинин бардык аспектилери боюнча иштер камтылганын, ал эми аялдардын ишкердиги жөнүндө мыйзамга буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгонун баса белгиледи.
Women in Tech World уюмунун негиздөөчүсү Аюми Мур Аоки технологиядагы гендердик ажырымды жоюу жана дүйнө жүзү боюнча аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча демилгенин глобалдык миссиясын баса белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө тематикалык сессиялар технологиядагы лидер аялдардын көрүнүктүү жетишкендиктерин көрсөттү, IT жана ишкердиктеги тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берди. Талкуулар катышуучуларды шыктандырган жана мотивациялаган ийгиликтүү окуялар менен санариптик экономикада аялдардын өсүп жаткан ролуна басым жасады.