Ден соолук

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында августта органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция жасалат

Ушул жылдын август айында Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде оорукананын жетекчилиги билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешме мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында бүгүн өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган оорукананын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды. Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады.

Мамлекет башчысы трансплантологияны өнүктүрүү сыяктуу маселенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, муну менен кыргызстандыктар үчүн сапаттуу медициналык жардамга жетүү жана органдарын алмаштыруу зарылдыгынан жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүндүгү пайда болуп жатканын айтты.

Ал белгилегендей, биздин жарандар өтө маанилүү жана кымбат баалуу операцияларды жүргүзүү үчүн алыскы чет өлкөлөргө чыкпай койсо болот. Эгерде алар чет өлкөдө 50-60 миң доллар чыгым тартышса, бул жерде Кыргызстанда да ушундай эле операция 10 миң АКШ долларынын тегерегинде болот.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кыргыз-түрк достук ооруканасынын жетекчилигине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

 

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү