Ден соолук

Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт

2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызмаатынан билдиришкендей, кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.

Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдын ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:

- кош бойлуулук;

- этек кир;

- скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.

Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Ведомстводон кошумчалашкандай, аялдардын жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү