Энергетика

Кара-Кулжада алгачкы чакан ГЭС ишке берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда алгачкы "Буйга-1" чакан ГЭСи ишке берилди. Кубаттуулугу 400 кВт болгон кичи ГЭСти райондун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусунун нугуна “Энерджи Буйга” ЖЧКсы курду. 

 

Чакан ГЭСтин курулушун демилгелеп, ишке ашырган Рамис Ыдырысовдун айтымында, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясына болгон муктаждыкты чечүү жана Кыргызстандын гидропотенциалын туура пайдалануу максатында аталган долбоор ишке ашырылды. 

Ачылыш салтанатында КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан чакан ГЭСти курууну колго алган ички инвестор “Энерджи Буйга” ЖЧКнын жетекчиси Рамис Ыдырысовго ардак грамота берилип, белектер тапшырылды.

“Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСнин курулуш иштери 2021-жылы башталып, 2023-жылы бүткөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Алдыда “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо пландалууда. 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү