Энергетика

Жашыл экономика: Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы

Расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Германия энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди. Кыргыз тарап да европалык өнөктөштөрдү кайра жаралуучу жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышууга чакырды.

“Азыркы учурда бизде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Программасы ишке ашырылууда, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү Фонду түзүлдү, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Буга байланыштуу Германия тарапка Кыргызстандагы "жашыл долбоорлорго" инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Аларды биргелешип ишке ашыруу Париж Келишиминин алкагында климаттык жана экологиялык максаттарга жетүү менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алмак”, - деди Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн фонунда тоолуу аймакта көбөйүп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен Германиянын "Жашыл Борбор Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экенине басым жасады.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү