Интервью

Руслан Акун жаңы тасма тарта баштады. Башкы ролдо Айтурган Темирова

Башкы ролду КРдин эл артисти Айтурган Темирова аткармай болду. Ал жаңы тасманын сценарийине жогору баа берди. Комедия жанрындагы фильм “Салам, Европа” деп аталат.

Сүрөт: BBC News Кыргыз Кызматы

Башкы ролдорду КРдин эл артисти Айтурган Темирова менен Казакстандын эмгек сиңирген артисти Бауржан Каптагай ойнойт. Легендарлуу кыргыз актрисасы киного тартылуу үчүн атайын Чехиядан Кыргызстанга келди. Эскерте кетсек, Айтурган Темирова көп жылдар бою Европада жашайт. Ал акыркы 25 жылдан бери киного тартыла элек.

Айтурган Темирова фильмдин сценарийине жогору баасын берди.

- Буга чейин киного тартылуу боюнча көп сунуштар болгон, албетте. Бирок, мага сценарийлер жакпай жүргөн, - дейт Айтурган Темирова. – Эгер жакшы режиссер менен ылайыктуу сценарий болсо, албетте киного түшүүгө макул болмокмун. Мага Руслан Акундан сунуш түштү. Аны менен тааныш болбогонум үчүн кызым аркылуу байланыштык. Кызым Русланды Кыргызстандагы белгилүү режиссер экенин айтып калды. Режиссердун “Салам, Нью-Йорк!” тасмасын Чехияда жүрүп көргөн элем. Ал эми тартыла турган тасманын сценарици да абдан сапаттуу жазылганы үчүн көп жылдык чыгармачылык тыныгуудан кийин ыраазычылыгымды бердим.

Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Бауржан Каптагай эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтык жанданып жатканына кубанычын билдирди.

- Айтурган Темированы абдан жакшы тааныйм, биз бир муундагы адамдарбыз, - дейт ал. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкееванын заманы – өмүрдүн жазы болду. Кыргыздын кино чеберлери Казакстанга, ал эми казак киночулары – Кыргызстанга барып турчу. Тыгыз байланыш жана маданий тажрыйба алмашуулар көп болду. Көз карандысыздык алгандан кийин кызматташуу да солгундады. Мамилебиз кайрадан жанданып жатканына абдан кубанып турам.

Режиссер Руслан Акун тасмасы тууралуу айтып берди.

- Бул Европада жашаган небересине автостоп менен барган чоң эне менен чоң ата жөнүндөгү тасма, - дейт ал. – Жолдо көп окуяларга туш болушат. Күлкүлүү окуялар ортосунда чоң эне менен чоң атанын небересине берген таалим-тарбиясы баяндалат. Бул фильм балдар тарбиясы жөнүндө. Премьера ушул жылдын октябрь айында болот.

Булак: Vesti.kg

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү