Интервью

Чыңгыз Шамшиев менен Сейсмология институту жөнүндө маек

БААУнун вице-президенти жана долбоордун жетекчиси Чыңгыз Шамшиев сейсмологиялык изилдөөлөрдүн сапаты ар бир кыргызстандыктын коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет дейт. Ошондой эле, бул уникалдуу өнөктөштүк долбоору – биздин өлкө үчүн алгачкы тажрыйба экенин баса белгилейт.

 

Сүрөт: Борбордук Азиядагы Америка университети

26-июнда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болот. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде курулган.  Долбоорго өкмөт, БААУ жана эл аралык донордук уюмдар инвестиция салган.

БААУнун вице-президенти жана долбоордун жетекчиси Чыңгыз Шамшиев жеке билим берүү мекемеси менен КРдин Улуттук илимдер академиясынын ортосунда өнөктөштүк түзүү идеясы тууралуу айтып берди.

- Сапаттуу билим бар жерде жакшы илим бар, ал эми илим бар жерде жакшы билим бар, - дейт ал. — Сейсмология институту БААУнун жанында жайгашып калгандыгы – кызматташтыкты ого бетер бекемдеди. Кийинчерээк биздин университет менен Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзүнчө бир системалашкан изилдөө жүргүзүү, конференциялар жана басылмалар үчүн аянтча түзүү демилгеси көтөрүлдү. 2017-жылы БААУ менен Сейсмология институтунун ортосунда консорциум түзүлгөн. Кандай гана илим-билим болбосун ага инфраструктура керек. Улуттук илимдер академиясында каржылык мүмкүнчүлүктүн жоктугунан тиешелүү иштер аткарылган эмес. Мындан улам институттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жыйынтыкка келдик.

Чыңгыз Шамшиев калктын коопсуздугу үчүн Сейсмология институтунун маанилүү экендигине токтолду.

- Бул институттун ишмердүүлүгүнүн сапаты ар бир кыргызстандыктын коопсуздугу үчүн маанилүү, - дейт ал. - Түркияда, Сирияда эмне болгонун баарыбыз көрдүк. Кыргызстан сейсмикалык активдүүлүк жогору аймакта жайгашкан. Тоолорубуз жыл сайын 2-3 миллиметрге өсүп, рельефибиз өзгөрүп жатат. Буга олуттуу көңүл бурбасак, коопсуздук маселеси курчуп калышы ыктымал. 2008-жылы Нура айылында болгон окуя эсиңиздеби? Андыктан илимге, сапаттуу илимий изилдөөлөргө, мониторингге, болжолдоого жана эскертүүгө тийиштүү көңүл буруу маанилүү.

Андан сырткары, БААУнун вице-президенти долбоордун каржылык жагын да ачыктады.

- Имараттын дизайны тууралуу айтсам, сыртынан караганда биз жашаган аймакка мүнөздүү саман кыштан кыналгандай көрүнүп турат, - дейт ал. – Бирок, албетте, имарат заманбап курулуш материалдарынан, темир-бетон конструкциялардан, кыш тосмолордон курулган. Ал эми суюк травертин менен салттуу стилди сактап калдык. Жалпы бюджет 1,2 миллион доллардан ашты. Каржылоо толугу менен БААУ тарабынан донордук уюмдарды тартуу аркылуу ишке ашырылды. Ал эми Сейсмология институтунун эски имараты оңдолуп, БААУ студенттеринин илимий изилдөөлөрү жана билим алуусу үчүн пайдаланылат. Бирок ал мамлекеттин менчиги бойдон калат.

Ошондой эле, Чыңгыз Шамшиев университеттин туруктуу өнүктүрүү бөлүмү тектеш тармактарда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

- БААУда сейсмология менен байланышкан илим тармактарында изилдөө жүргүзгөн Туруктуу өнүктүрүү бөлүмү бар, - деп улантты ал. – Заманбап билим берүү барган сайын дисциплиналар аралык усулуна өтүп жатат, ошондуктан БААУ менен Сейсмология институтунун терең интеграциясы маанилүү.

Долбоордун жетекчиси долбоордун уникалдуулугу жөнүндө да кеп салды.

- Бул уникалдуу долбоор, мен муну экиленбей айта алам, - деп ишендирет Шамшиев. — Бул өкмөт, Илимдер академиясы, БААУ жана эл аралык донор уюмдар инвестиция салып, биргеликте ишке ашырган өлкөбүздөгү алгачкы долбоор. Өнүктүрүү үчүн каражаттар жумшалды, дагы көп жумшалат. Мындан бардык тараптар пайда көрөт. Бул долбоордо мамлекет утушка гана ээ болот,  эч нерсе жоготпойт. Долбоор коммерциялык эмес, билим берүү максатында гана ишке ашканын баса белгилегим келет.

Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директорунун милдетин аткаруучу Айжан Өмүрбекова бул долбоор Илимдер академиясынын тарыхында биринчи жолу болуп жатканын билдирди.

- Улуттук илимдер академиясы эгемендүүлүк жылдарында бир дагы имарат курган эмес, - дейт ал. – Жадагалса, ремонт иштери да жүргүзүлгөн эмес. Окумуштуунун ишмердүүлүгү үчүн шарт түзүлбөсө, илим экинчи планга жылат. БААУнун аркасы менен биз бардык ыңгайлуулуктары бар жаңы, заманбап, компакттуу имаратка ээ болдук. Бул БААУ менен Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык. Окумуштууларыбыз үчүн түзүлгөн ыңгайлуулуктар көңүлүн көтөрүп, натыйжалуу ишке шыктандырып, илимди өнүктүрүүдө жаңы идеяларды издөөгө мотивациясын арттырат.

Булак: Vesti.kg

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү