Интервью
Дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда бешинчи ирет өтөт
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү быйыл Кыргызстанда бешинчи ирет өтөт. Бул тууралуу "Эко Деми" коомдук фондунун президенти, "Дүйнөлүк тазалык күнүнүн" элчиси Айжан Чыныбаева билдирди. Буга чейин Кыргызстан 3 жыл катары менен 190 өлкөнүн ичинен биринчи орунду ээлеп келген.
"Бизде катышуучулардын саны абдан көп болду. Мамлекеттик органдар менен бекем кызматташып, мындай натыйжага жетише алдык. Тилекке каршы, Баткен окуясы болгондо тазалык күнүн өткөрө албай калдык. Бирок, кырдаалга карабай 23 миңден ашык адам ишембиликке чыкканы эске алынып, бизге атайын байге ыйгарылган. Быйыл дагы мамлекеттик мекемелердин колдоосу менен өткөрүүнү пландап турабыз", - деди Чыныбаева.
Быйыл Дүйнөлүк тазалык күнү Ысык-Көлдүн жээктерин тазалоодон башталды. 10-сентябрь күнү болгон ишембиликке Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов да катышты. Жалпы 200гө жакын киши 3 тоннадан ашык таштанды чогулткан. Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү 16-сентябрь күнү өтөт.