Интервью

Чыңгыз Шамшиев: Карагач багына 3,5 миңден ашык бак отургузулду

15-октябрда Карагач сейил багына көчөт отургузулду. Иш-чара БААУдагы “Жашыл айлыктын” жана “Экопарк “Карагач багы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Франция-Кыргыз экотуризм ассоциациясы (AFKE) менен биргеликте БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан уюштурулду.

“Экопарк “Карагач багы” долбоору ишке ашырылып жаткан беш жылдын ичинде бир топ иштер аткарылды. Бул тууралуу Чыңгыз Шамшиев журналисттерге берген маегинде билдирди:

«Паркты калыбына келтирүү иштери биз күткөндөн да жакшы жыйынтыктарды берди. Пландалгандан да эрте бүтүрүүгө жетиштик. Буга жаштардын активдүүлүгү түрткү болду. Сейил бактан жүздөгөн тонна таштанды чыгардык.

Паркты коргоого алгандан кийин дарактардын бутактарын мыйзамсыз кыюу, мыйзамсыз курулуш куруу жана мал жаюу токтоду. Табият мынчалык кыска аралыкта өзүн-өзү калыбына келтирип алышына бир чети таң калдым. Кычкылтектин компьютерде түзүлө турган кандайдыр бир код же алгоритм эмес, өтө татаал химиялык жана биологиялык процесстердин натыйжасында пайда болушун балдарга түшүндүрүү кажет. Бул сейил бакта жаштар муну бат эле түшүнүп алышына ишенем.

“Карагач сейил багы” экопаркы долбоору түзүлгөн беш жылдын ичинде бул жерге 3500 миңден ашуун бак-дарак отургузган миңдеген студенттер жана мектеп окуучуларына абдан ыраазымын. Бул сейил бакка бак-дарак тиккен улан-кыздардын баары “Карагач сейил багын” сактап калууга салым кошушту”.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү