Саясат
Баткен облусунан 717 киши ажылык сапарына жөнөп кетти
Ажылык сапарга аттангандарды Кызыл-Кыя шаарынан узатышты. Алар “Ош” эл аралык аба майданынан учуп кетишти. Быйыл Баткен облусунан 700 киши ажылык сапарына аттанган, аларды 17 ажы башчылар коштоп кетишти.
Муфтияттын маалыматында, алгачкы топ 12-июнда учуп кеткен. Быйыл кыргызстандыктарга 6110 квота бөлүнгөн, баасы 3900 долларды түзөт.