Саясат

Палестинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Анын визити ушул жылдын август айына пландаштырылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Палестинанын лидери Махмуд Аббас Пекин шаарынан мамлекеттик сапардан кийин (Кытай Эл Республикасы) келе жатып, кайрылып, Кыргызстанга сапар жасаган. Тараптардын жолугушуусу 16-июнда өттү. 

Жолугушууда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

"Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга ушул жылдын август айына пландаштырылган расмий сапарын кубаттай турганын билдирди", - деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын президенти Палестинанын тышкы иштер министринин расмий сапарынын жүрүшүндө маанилүү келишимдер түзүлүп, кызматташуунун мындан аркы перспективалары талкууланарына ишеним арткан.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Махмуда Аббасты ыңгайлуу убакытта өлкөгө алгачкы расмий сапар менен келүүгө чакырды.

 

 

 

 

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү