Саясат

Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 27-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Айбек Молдогазиев Николас Боулерди ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырышы менен куттуктап, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тышкы иштер министринин орун басары Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты, өзгөчө билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан ары биргеликте иш жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү