Саясат

Президент Ысык-Көлдү тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди.

Президентке маалымдалгандай, анын тапшырмасына ылайык үстүбүздөгү жылдын март айынан бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан көлдөн 100 километрдей браконьердик торлор алынып, Ысык-Көлдүн түбүнөн 6,8 тоннага жакын таштанды тартып чыгарылган.

Мындай көлөмдөгү балык уулоо шаймандары жана тиричилик калдыктары толук эмес төрт айдын ичинде Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда эле чогултулган.

Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүрүп жатат, андан ары түштүк жээкте улантылып, октябрга чейин бүткөрүлүп, суунун бетин толугу менен камтыйт.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү