Саясат

Жээнбек Кулубаев БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев Луиз Чемберлен туруктуу өкүл катары Кыргызстандын БУУӨП менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө салым кошконун, туруктуу өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттык сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, климаттын өзгөрүшүнө көнүү маселелери боюнча конструктивдүү кызматташууну камсыз кылганын белгиледи.

Министр БУУӨПкө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, өзгөчө COVID-19 пандемиясында жана 2020-жылдын октябрындагы саясий кризистен кийин, ошондой эле каргашалуу Баткен окуяларында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Туруктуу өкүл Чемберлен Кыргызстандагы миссиясын кыскача жыйынтыктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстандын өкмөтүнө, мамлекеттик органдарга жана өлкөнүн калкына, өзгөчө ар кандай чакырыктар жана көйгөйлөрдүн татаал мезгилинде колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгиледи. Ал Кыргызстандагы бардык өнөктөштөргө, өзгөчө Тышкы иштер министрлигине БУУӨПтүн өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Луиз Чемберленге өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү