Саясат

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Сауд Араб Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Президент мындан ары эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо болгон чоң потенциалга өзгөчө басым жасады.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышалыгынын колдоосун жогору баалады.

Мамлекет башчысы туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде, элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун жиберген жылуу саламын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өз ара аракеттенүүсү эки өлкөнүн лидерлеринин саясий ишениминин жана бекем саясий эркинин аркасында ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда уланып жатканын белгиледи.

Элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кызматташтык кеңешинин Саммитине катышуу үчүн Сауд Аравиянын падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү