Саясат

Элчи Жумаев Малайзиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Алтынбек Жумаев Малайзиянын Королу Султан Абдулл Риаятуддин Аль-Мустафа Билах Шахка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Жумаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Грамота тапшыруу аземи "Истана Негера" королдук сарайында өткөн.

"Кудай буйруса мамлекетиме ак дилден кызмат кылам. Мага ишеним арткан Президент Садыр Нургожоевич Жапаровго, ошондой эле билим берип, келечегиме ишенип, жакшы сөзүн аябаган КУУ, Кыргыз-Россия билим берүү академиясы, ОшМУ, ДипАкадемиядагы агай-эжейлериме, англис тилин үйрөткөн эжекеме ыраазычылык билдирем. Кыргыз өкмөтүндө, Президенттин администрациясында жооптуу кызматтарды аркаладым. Мамлекеттик ТВларда жетекчи болуп иштедим. "7-канал" жеке менчик көз карандысыз телеканалды түптөп, 11 жыл жетектеп, 300дөн ашык улан-кыздарды кесипке үйрөтүп, тарбиялап чыгардым. Урматтуу кесиптештер, сиздерге да ыраазычылык билдирем", - деп жазган Жумаев. 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү